Оштун Ак-Тилек районундагы жаңы сейил бак августта ишке берилет

Аймак Загрузка... 13 Июль 2026 16:30
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда курулуп жаткан заманбап сейил бактын курулушу кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда иштердин 70 пайызы бүткөрүлүп, долбоор белгиленген графикке ылайык ишке ашырылууда.

"Жаңы сейил бакта жаш балдар үчүн коопсуз оюн аянтчалары, жаштар үчүн заманбап воркаут зонасы, жашыл аймактарды үзгүлтүксүз сугаруучу автоматташтырылган система жана шаардыктардын жайлуу эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, август айында пайдаланууга бериле турган бул жаңы эс алуу жайы Ак-Тилек кичи районунун гана эмес, жалпы Ош шаарынын тургундары менен меймандарынын сүйүктүү жайларынын бирине айланары күтүлүүдө.