Ош аэропортунда 100дөн ашык норка терисинен жасалган баш кийим табылды

Экономика Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 11:15
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон норка терисинен жасалган буюмдарды жана норканын терилерин мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок ташылып келген 109 даана норка терисинен жасалган баш кийим жана 161 даана норка териси табылган.

Аталган факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлүүдө.