ОСАГО: Жети айда 120 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Коом 25 11 Август 2026 16:50
711588297_385943672.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында ОСАГО полистери боюнча 1 250 жаранга жалпы 120 млн 101 миң сомдон ашык кенемте төлөндү.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына караганда, өткөн жуманын өзүндө ОСАГО боюнча жарандарга 2 млн 982 миң сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн.

Уюм жеке жактар үчүн ОСАГО полисинин базалык баасы 1 680 сомдон башталарын белгилеп, полисти онлайн түрдө болжол менен 5 мүнөттө тариздөөгө болорун маалымдады.

Алар:

  • "Түндүк" тиркемеси;
  • MBANK;
  • MegaPay;
  • Оptima;
  • О!Bank.