ОСАГО: Унааны милдеттүү камсыздандыруу бүгүндөн тарта күчүнө кирди

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 15:55
WhatsApp_Image_NFY69WC.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 1.07.25 /Кабар/. Бүгүндөн тарта ОСАГО жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди. Өлкө боюнча камсыздандыруу иштери уланууда. Жүйөлүү себептер менен камсыздандыруу полисин ала албай калган жарандар үчүн убактылуу мүмкүнчүлүктөр берилүүдө. Мындан улам Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) автоунаа ээлерин полисти өз убагында алууну сунуштайт.

Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча жалпы 1119 сатуу түйүнү иш алып барууда. Бүгүнкү күнгө чейин 210 миңден ашуун автоунаа ээлери камсыздандыруу полисин алган. Бир күндүн ичинде полис алгандардын саны – дээрлик 12 миңден 15 миңге чейин жетүүдө.

МКУ жана анын аймактардагы филиалдары, административдик жана муниципалдык участкалар активдүү түрдө иш алып барууда. Ошондой эле уюмдун Бишкек, Ош шаарларындагы жана Чүй облусундагы филиалдары күнү-түнү кызматта. Андан сырткары жеке менчик 15 камсыздандыруу уюму иштеп жатат.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн онлайн түрүндөгү strahovanie.kg сайты жана “Түндүк”, Мбанк, MegaPay жана О-Деньги тиркемелери ишке киргизилген.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков уюмдун расмий баракчасынан кайрылуу жасап, “Бүгүндөн тарта мыйзам күчүнө кирди. Кечээтен бери социалдык тармактарда тарап жаткан “ОСАГО 1-сентябрга жылды” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Анын мааниси - шартка байланыштуу полисти алганга жетишпей жаткан айрым айдоочуларга убакыт берүү дегенди билдирет”-деди.

Ал эми аталган уюмдун басма сөз кызматынын жетекчиси Ильичбек Кулназаров: “Камсыздандыруу уюмдарындагы адамдардын көптүгүнөн, жарандардын жетишпей жаткандыгынан улам биз бир аз убакыт сурадык. Бирок, мыйзам деген мыйзам. Биз аны сыйлашыбыз керек. Андыктан, мындан ары МАИ кызматкерлери айдоочуларды токтотуп айып салганга укуктуу. Ал эми “ОСАГО мыйзамы жылдырылды” деген маалымат коомчулукка башкача чечмеленип кеткен”, - деди

Белгилей кетсек, ОСАГО – бул транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Ал жол кырсыктарынан жапа чеккен үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталат.

Камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегинде.

Кырсык болгон учурда төмөндөгүдөй:

- Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин;

- Жаракат алгандарга — 200 000 сомго чейин;

-Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган.