ОСАГО: Унааны камсыздандыруучу филиалдардын даректери

Коом Загрузка... 23 Июнь 2025 12:05
1022341544_0_9_1600_909_1920x0_80_0_0_f07ac69d520df9825e085d63d230db3e.jpg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. 1-июлдан тарта ОСАГО полисин албаган автотранспорт айдоочуларына айып пул салына баштайт. Бул мыйзамдын күчүнө киришине саналуу гана күндөр калгандыктан, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга полисти өз убагында жасатып алууну сунуштайт.

ОСАГОнун өзгөчөлүгү башка унаага, жүргүнчүлөрдүн (үчүнчү жактар) өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу болуп саналат. ОСАГО полисин сатып алуу менен адам жол кырсыгына күнөөлүү болуп калган учурда, өзүн көйгөйлөрдөн коргой алат.

Камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегинде.

Төмөндө Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкектеги башкы кеңсеси жана анын филиалдары менен муницапалдык территориялык участкаларынын (МТУ) даректери:

  • Башкы кеңсе - Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов проспекти 1, 2-имарат, 4-кабат
  • Бишкек филиалы - Бишкек ш., Московская көч., 71-үй, 2-кабат
  • Чүй филиалы - Бишкек ш., Абай көч., 40-үй

Бишкек шаары боюнча МТУ даректери:

  • Чүй проспекти, 315
  • Лев Толстой көч., 148
  • Ак-Ордо жаңы конушу, Тунук көч., 10а
  • Арча-Бешик жаңы конушу, Шералиев көч., 45/2
  • Калык Акиев көч., 53
  • Чоң-Арык айылы, Жеңиштин 50 жылдыгы көч., 39а
  • Жал кичи району, Гагарин көч., 6а
  • Новопавловка айылы, Фрунзе көч., 283
  • Туңгуч кичирайону, 16/1
  • Асанбай кичирайону, 41/1
  • 10-кичирайон, 17/1-үй
  • 6-кичирайон, №39 мектеп
  • Көк-Жар кичирайону, 3-үй
  • 3-кичирайон, 4-үй
  • Көк-Жар айылы, Конур Осмон көч., 61
  • Токтоналиев көч., 6б
  • Васильев көч., 95
  • Көлмө жаңы конушу, Максат көч., 40а
  • Касым жаңы конушу, Касым көч., 1
  • Ак-Босого жаңы конушу, профессор Зима көч., 264
  • Маевка айылы, М.Гвардия көч., 88
  • Пригородный айылы, Юбилейная көч., 17
  • Московская көч., 25
  • Чүй проспекти, 34
  • Аламедин-1 кичирайону, 50а-үй
  • Ак-Тилек жаңы конушу, Чалдыбар көч., 2а
  • Эне-Сай жаңы конушу, 10/36
  • Ак-Тилек жаңы конушу, Чалдыбар көч., 2, Аламүдүн көч., Набережная 300а
  • Лебединовка айылы, Жеңиш проспекти, 121а
  • Төмөнкү Аларча айылы, Кыргыз көч., 193

Ошондой эле жарандар ОСАГО онлайн түрүндө strahovanie.kg сайтына же Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелеринен дагы ала алышат.