Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Унаа ээлери ОСАГО полисин үйдөн чыкпастан аралыктан ала алышат.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жарандар полисти кеңсеге барып, кезек күтпөстөн бир нече мүнөттүн ичинде электрондук каттоодон өткөрө алышат.
Аны төмөнкү платформалар аркылуу алууга болот:
online.gso.kg
“Страхование KG” тиркемеси
“Түндүк” тиркемеси
MBANK
MegaPay
Optima24
Жогорудагы тиркемелер аркылуу жеке маалыматтарын киргизип, төлөм жүргүзүү керектелет.