ОСАГО менен КАСКОнун айырмасы эмнеде? Адис жооп берет

Коом Загрузка... 19 Июнь 2025 18:45
WhatsApp Image 2025-06-19 at 17.50.50.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 19.06.25 /Кабар/. Азыркы учурда көпчүлүк жарандар ОСАГО менен КАСКОнун айырмасын түшүнө албай, экөөнү алмаштырып жатышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун методологу Бурул Калматова билдирди.

“КАСКО - деген бул унаанын өзүн (корпусун) камсыздандыруу болуп саналат. Ал эми ОСАГО дегенде бүтүндөй автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин түшүнөбүз. Эгерде кайсы бир жаран унаасы менен кокустан бир имаратты сүзүп алса же унаасын дарак басып калса келтирилген чыгымдарды КАСКО төлөп берет. Бул жерде ОСАГО иштебейт. ОСАГО кайсы бир жаран жолдо кетип бара жатып башка бирөөнүн унаасын же бир жөө адамга залал келтирип алса жардамга келет. Башкача айтканда үчүнчү жактарга иштейт. Ал эми үчүнчү жактар деген – бул жабыр тарткан тараптар. Мыйзамга ылайык, биринчи жак – уюм, экинчи жак – кырсыкка күнөөлүү адам болсо, жабыр тарткандар – үчүнчү жактар болуп саналат”, - деген оюн билдирди ал.

Калматованын айтымында дагы бир айырмачылыгы – КАСКО милдеттүү түрдө эмес, ыктыярдуу болгондугунда.

"2016-жылы ОСАГО жөнүндөгү мыйзам кабыл алынып, 2023-жылы күчүнө кирген. Анткени менен полисти алган жарандар аз санда гана болгон. Статистикалык маалыматтар боюнча бир жылдын ичинде 7 миңдей унаа жол кырсыгы катталат. Эгерде жарандар автотранспорттук жоопкерчилигин убагында камсыздандырып алышса, чоң милдеттин алдын алышмак. Мисалы, кымбат унааны сүзүп алгандар ошончолук көп сумманы төлөп берүүгө мажбур болушат. Ал эми ОСАГО полисин алган адам биринчиден, оңой кутулуп жатса, экинчиден келтирилген зыян компаниянын кийлигишүүсү менен болжолдуу түрдө эмес, реалдуу эсептелинет. Себеби, кырсык учурундагы өз алдынча сүйлөшүүлөрдө жабыркаган тарап өзү каалаган сумманы коюшу мүмкүн”, - дейт ал.