Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Өлкө аймагында автотранспорт каражаттарынын ээлери мындан ары жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу максатында ОСАГО полисин алууга тийиш. Бул талап мыйзамга ылайык ишке ашырылууда. Мындан улам 1-июлдан тарта полиси жок айдоочуларга айып пул салына баштайт.
Буга байланыштуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) калк арасында маалыматтык иш-чараларды активдүү жүргүзүүдө. Уюмдун маалыматына ылайык, МКУнун бардык аймактардагы филиалдары жана муниципалдык территориялык участкалары (МТУ) жарандарга кызмат көрсөтүүдө.
Жарандар жашаган аймагына жакын жайгашкан МКУ же МТУ кеңселерине кайрылып, полис ала алышат. Андан сырткары онлайн түрүндө strahovanie.kg сайтынан жана Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелеринен ала алышат.
Төмөндө Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн даректер берилди:
- Ысык-Көл филиалы - Каракол шаары, Абдрахманов көч., 105, каб. 70, 3-кабат
- №4 МТУ Каракол шаары
- Каракол ш., Тыныстанов көч., 38
- №9 МТУ Каракол шаары
- Пристань-Пржевальск кыштагы, Пржевальск көч., 22
Тоң району
- Ак-Терек айыл өкмөтү, Кара-Коо айылы, Баатыркана көч., 21
Түп району
- Райондук администрация, Түп айылы, Боронбай көч., 39
- Балбай айыл өкмөтү, Балбай Ыбыке айылы, Орозбек көч., 21
Ак-Суу району
- Райондук администрация, Теплоключенка айылы, Ленин көч., 154
- Хан-Тенгри айыл өкмөтү, Ново-Вознесеновка айылы, Арык-Мырза көч., 61
Балыкчы шаары
- Мэрия, Балыкчы шаары, Абдрахманов көч., 258
- Тазалык муниципалдык ишканасы, Балыкчы ш., Абдрахманов көч., 148
Ысык-Көл району
- Райондук администрация, Чолпон-Ата шаары, Советская көч., 1Б
- Ананьево айыл өкмөтү, Ананьево айылы, Ленин көч., 122
Жети-Өгүз району
- Жети-Өгүз айыл өкмөтү, Жети-Өгүз айылы, Манас көч., 93
- Кызыл-Суу айыл өкмөтү, Кызыл-Суу айылы, Манас көч., 188
- Барскоон айыл өкмөтү, Барскоон айылы, Малаев көч., 115.