Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Саналуу күндөрдөн кийин ОСАГО полисин албаган автотранспорт айдоочуларына айып пул салына баштайт. Мындан улам Мамлекеттик камсыздандыруу уюму буга карата активдүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө жана анын бардык облустардагы филиалдары кызматта. Мындан сырткары жеке менчик уюмдар дагы иш алып барууда.
Белгилей кетсек, өлкөдө “ОСАГО” жөнүндөгү мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, 2023-жылы күчүнө кирген. Камсыздандыруунун бул түрү милдеттүү түрдө болгону менен айып пулдар салына элек болчу. Мындан ары, атап айтканда 1-июлдан тарта полиси жок унаа айдоочуларына 3000 сомдун тегерегиндеги айып пул салына баштайт. Бул себептен улам МКУ айдоочуларга өз убагында ОСАГО полисин алып алууну сунуштайт.
Жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында төмөндө МКУнун Чүй облусу боюнча филиалдарынын жана райондордогу кызматтарынын даректери берилди:
Филиалдар:
- Ак-Жол көзөмөл-өткөрмө пункту
- Ак-Тилек көзөмөл-өткөрмө пункту
- Жайыл району
- Ак-Башат айыл өкмөтү, Новониколаевка айылы, Мектеп көчөсү, 42а
- Жайыл айыл өкмөтү, Алексеевка айылы, Борбордук көчө, 65
- Ынтымак айыл өкмөтү, Полтавка айылы, Борбордук көчө, 33а/1
- Суусамыр айыл өкмөтү, Суусамыр айылы, Тынчтык көчөсү, 16/4
- Сары-Коо айыл өкмөтү, Эриктуу айылы, Алыбай көчөсү, 75
- Талды-Булак айыл өкмөтү, Сосновка айылы, Фрунзе көчөсү, 81
Аламүдүн району
- Арашан айыл өкмөтү, Таш-Дөбө айылы, Мектеп көчөсү, 33
- А. Сыдыков айыл өкмөтү, Виноградное айылы, Токтогул көчөсү, 13
- Байтик Баатыр айыл өкмөтү, Байтик айылы, Раимбеков көчөсү, 17
- Достук айыл өкмөтү, Ленинское айылы, Алма-Атинская көчөсү, 285
- Кара-Жыгач айыл өкмөтү, Кара-Жыгач айылы, Фрунзе көчөсү, 83
Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтү
- Таш-Мойнок айыл өкмөтү, Кой-Таш айылы, Аблесов көчөсү, 53
Сокулук району
- Шопоков шаарынын мэриясы, Ленин көчөсү, 21
- Жаңы-Пахта айыл өкмөтү, Жаны-Жер айылы, Ленин көчөсү, 2а
- Сары-Өзөн айыл өкмөтү, Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү, 189
- Гаврилов айыл өкмөтү, Гавриловка айылы, Мектеп көчөсү, 19
- Кожомкул айыл өкмөтү, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 118
- Манас айыл өкмөтү, Манас айылы, Мектеп көчөсү, 19а
- Сокулук айыл өкмөтү, Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү, 92
- Кайназаров айыл өкмөтү, Чат-Көл айылы, Почта көчөсү,
- Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтү, Төмөнкү-Чүй айылы, Фрунзе көчөсү, 27г
- Күн-Туу айыл өкмөтү, Кызыл-Туу айылы, Табышалиев көчөсү, 57
- МРЭО, Шопоков шаары, Машина куруучулар көчөсү, 26а
Ысык-Ата району
- Ак-Кудук айыл өкмөтү, Кировское айылы, Борбордук көчө, 14
- Жайылма айыл өкмөтү, Новопокровка айылы, Ленин көчөсү, 80
- Жээк айыл өкмөтү, Дмитриевка айылы, Ленин көчөсү, 20
- Кочкорбай айыл өкмөтү, Кеңеш айылы, Ленин көчөсү, 60
- Кең-Булуң айыл өкмөтү, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү, 29
- Нурманбет айыл өкмөтү, Красная Речка айылы, Октябрь көчөсү, 65
- Сын-Таш айыл өкмөтү, Тельман айылы, Мектеп көчөсү, 32
- Узун-Кыр айыл өкмөтү, Новопокровка айылы, Ленин көчөсү, 347/2
- Ысык-Ата айыл өкмөтү, Алмалу айылы, Жакишев көчөсү, 17
- Кант айыл өкмөтү, Кант шаары, М. Горький көчөсү
Москва району
- Райондук мамлекеттик администрация, Беловодское айылы, Ленин көчөсү, 27, 3-кабат, 312-кабинет
- Александровка айылы, Фрунзе көчөсү, 141
- Беловодское айылы, Кирова көчөсү, 241/1
Ошондой эле жарандардын убактысын үнөмдөө максатында бул кызмат strahovanie.kg сайтына жана Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелерине киргизилген.