ОСАГО: Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен облусундагы даректери

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2025 14:30
mo5u0mchn0o9yacwy3kqg7x2ou5w76sc-1694098323TdlDo.jpg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык 20 жылдын ичинде Кыргызстанда автоунаалардын саны дээрлик миң пайызга көбөйгөн. Атап айтканда учурда өлкөдө 1 млн 700 миңдин тегерегинде унаа бар.

Автоунаалардын көптүгүнөн улам өлкөдө жол-траспорт кырсыктары байма-бай катталып турат. Мындай кыйын учурларда жарандарга автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандаруучу ОСАГО полиси жардамга келет. Атап айтканда полис үчүнчү жактарга жардам берүү менен күнөөлүү тараптардын чыгымын жаап берет. Анын артыкчылыгы - мындан эки тарап тең утушка ээ болгондугунда.

Жогоруда аталган полисти уюмдун филиалдарынан, муниципалдык территориялык участкалардан, ошондой эле онлайн түрүндө strahovanie.kg сайтынан жана Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелеринен алууга болот. ОСАГО полисин алууда үчүн паспорт, унааны каттоо күбөлүгү (техпаспорт) жана айдоочулук күбөлүк керектелет.

Төмөндө МКУ Баткен облусундагы филиалдардын жана муниципалдык территориялык участкалардын даректерин сунуштайт:

Баткен облусу боюнча даректер:

  • ГСО Баткен филиалы — Баткен шаары, Салихов көчөсү, №26а
  • "Мега" соода борбору — Баткен шаары, Самат Садыков көчөсү, №52
  • Облустук администрация — Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү, №1/1
  • Шаардык мэрия — Баткен шаары, Жусупов көчөсү, №46
  • Шаар борбору — Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү, №7
  • "Келечек" кичирайону — Баткен шаары, Раззаков көчөсү, №5/2
  • Кызыл-Кыя шаары — Жусубалиева көчөсү, №143
  • Бажы кызматы (Кадамжай бажысы) — Кызыл-Кыя шаары
  • Сүлүктү шаарынын мэриясы — Сүлүктү шаары
  • Кадамжай району, мамлекеттик администрация — Кадамжай шаары, А.Орозбеков көчөсү, №1
  • Бажы кызматы (Кызыл-Кыя шаары) — Кадамжай району, Кызыл-Кыя шаары
  • Лейлек району, мамлекеттик администрация — Раззаков шаары, Додосьян көчөсү, №176/9.