ОСАГО бул – унаа кырсыгы болгон учурда мыйзамдуу, цивилизациялык жана жеңил жол менен чечкен система болгондуктан дүйнөдө кеңири колдонулуп келет. Ал эми Кыргызстанда автоунааларды камсыздандырууга милдеттендирген документ 2015-жылы кабыл алынган.
Эми мыйзамга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин автоунаа айдаган жеке жана юридикалык жактар унааларына милдеттүү камсыздандыруу полисин алышы керек.
Камсыздандыруу полисин албагандарга айып пул салынат. Айып пулдун баасы- жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом.