Бишкек 20.06.25 /Кабар/. Кыргызстанда жол кырсыктарынан жылына 800гө жакын адам каза болуп, он миңдеген адамдар жаракат алышат. Кырсыкка кабылган учурда көпчүлүк жарандар шок абалында мыйзамсыз аракеттерди жасап алышы ыктымал. Ал эми туура жана өз убагында көрүлгөн чаралар чыгымдан оңой кутулууга, убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт. Мындай кырдаалдарда жарандарга ОСАГО камсыздандыруу полиси жардамга келет. Бул полис айдоочулардын жоопкерчилигин жөнгө салып, жабыр тарткан үчүнчү жактын чыгымдарын жаап берет.
ОСАГО полиси төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
- Унаалар катышкан кырсык катталган учурда жабыркаган тараптын чыгымдарын төлөп берет;
- Эгерде жөө жүргүнчү жабыркаса, анын ден соолугуна келтирилген зыян камсыздандыруу эсебинен төлөнөт;
- Эгер жабыр тарткан тараптын мүлкү (светофор, дарбаза, дубал, же башка объект) талкаланса, анын чыгымы калыбына келтирилет.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбековдун айтымында, кырсык катталган учурда жаран камсыздандыруу уюмдарына 5 күндүн ичинде кайрылуусу керек.

“Кайсы бир жаран кырсыкка кабылып калган учурда биринчи кезекте жабыркагандар үчүн тез жардам чакыруусу кажет. Андан кийин МАИ кызматкерлерине жана уюмдун авариялык кызматына чалганы оң болот. Себеби, алар келип кырдаалга өз баасын бериши керек. Окуя расмий түрдө катталып, текшерүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, эртеси күнү саат ондо уюмдун талдоосу күчүнө кирет. Себеби, уюмдун иш-аракеттери органдардын бүтүмүнүн негизинде ишке ашырылат”,-деди ал.
Ошондой эле жетекчинин айтуусу боюнча, зыянга учураган унаалардын санына чектөөлөр киргизилген. Ал эми адамдардын санына чектөөлөр жок.
“Мисалы, бир унаа бир нече унаага зыян келтирди дейли. Бул учурда ОСАГО полиси үч унаанын гана чыгымы үчүн ар бирине (унаанын абалына жараша) эң көп дегенде 150 миң сомдон төлөп берет.
Ошондой эле, кайсы бир жаран унаасы менен ичинде 20 жүргүнчүсү бар автобусту сүзүп алды дейли. Бул учурда компания ден соолугуна зыян келтирилген ар бир адамга эң көп дегенде 300 миңге чейинки каражат төлөп берет. Бул албетте, алардын акыбалына жараша болот”, - дейт Турумбеков.
Кырсык учурунда төмөндөгүдөй кадамдар жасалышы керек болот:
- Эгерде сиз жол кырсыгына учурасаңыз – дароо унааны токтотуңуз, авариялык жарык сигналын күйгүзүп, окуя болгон жерде коопсуздукту камсыз кылыңыз;
- Унааларды жылдырбаңыз – жол кырсыгынын көрүнүшүн сактоо үчүн унааларды баштапкы абалында калтырыңыз жана жол кызматкерлеринин келишин күтүңүз;
- Керектүү кызматтарды чакырыңыз – окуя тууралуу дароо МАИ кызматына жана МКУнун авариялык кызматына билдириңиз, бул камсыздандыруу ишин тез арада тариздөөгө шарт түзөт;
- Жабыркагандарга кам көрүү максатында тез жардам кызматын чакырыңыз;
- Кырсык болгон жерди каттаңыз – маалыматтарды тиешелүү кызматтарга берүү үчүн, ар кандай ракурстан сүрөт жана видео тартыңыз, көргөн күбөлөрдүн маалыматын жазып алыңыз.
Белгилей кетсек, өлкөдө ОСАГО жөнүндөгү мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, 2023-жылдын башында күчүнө кирген. Буга чейин камсыздандыруунун бул түрүнө айып пул салына элек болчу. 1-июлдан тарта ОСАГО полисин албаган унаа ээлери текшерилип баштайт.
Камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегинде.