Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалында 15 жаранга ОСАГО боюнча камсыздандыруу сертификаттары тапшырылды. Атап айтканда уюм тарабынан унаа транспорт кырсыктарында жабырлануучу тарап болгон тараптарга 1 млн 910 миң сом өлчөмүндөгү каражаттар төлөнүп берилди.

Алардын арасынан 13-август күнү жол кырсыгына кабылган Бишкек шаарынын тургуну Айжигит Акимжанов 150 миң сомдук сертификатты алды. Ал ошол күнү болгон окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:

“Ошол күнү Горький-Ош көчөлөрүнүн кесилишинде келе жатып жол кырсыгына кабылдым. Мен KIA K5 үлгүсүндөгү унаа менен келе жаткам. Каршы тилкеде келе жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү унаа чукул кайрылып жатып мени сүзүп алды. Кырсыктын кесепеттери иликтенип, материалдык чыгымдар эсептелингенден кийин, күнөөлүү тараптын атынан Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бүгүн мага чыгымдардын 150 миң сомдук бөлүгүн төлөп берүүдө”,-деп билдирди ал.
Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Баатай Сулаймановдун унаасын унаа токтотуучу жайга токтоп турган жеринен сүзүп алышкан.

“Мен негизи өзүм унааларды сатып иштейм. Ошол күнү жаңы сатылган унааны Асанбай районундагы унаа токтотуучу жайга таштап кеткем. Аны токтоп турган жеринен бир айым сүзүп алган экен. Окуя болгон жерге келген көз карандысыз баалоочулар мага чалып, экспертиза жүргүзүп унааңызга келтирилген чыгымдарды жаап, унааны калыбына келтирип беребиз дешти. Айткандай эле компания кыска убакыттын ичинде кесипкөйлүк менен көйгөйүбүздү чечип берди. Бүгүнкү күндө минтип 150 миң сомдук каражатты колума алып жатам. Эч кандай кошумча түйшүксүз маселебиз өз учурунда чечилди”,-деди.
Дагы бир жаран, Бишкек шаарынын тургуну Нурак Мукашев кабылган кырсыкты баалоо иштери бир айга созулат деп билдиришкен. Бирок, ал эки жуманын ичинде төлөмдөрдү алып жаткандыгын белгиледи.

“20-август күнү Mersedes benz үлгүсүндөгү унаам менен келе жаткам. Экинчи катардагы "Камри" үлгүсүндөгү унаа күтүүсүз жерден бери чыга калып мени сүзүп алды. Көз карандысыз баалоочулар тарабынан баа берилип, келтирилген чыгымдар 250 миң деп бааланды. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы учурда мага 150 миң сом төлөп берип жатат. Калганын күнөөлүү тараптын өзү бермей болду”-деп билдирди ал.
ОСАГО – бул автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Кырсык болгондо зыянды камсыздандыруу компаниясы жабыркаган тарапка төлөп берет. Мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, бирок ыктыярдуу түрдө болуп келген. 1-сентябрдан тарта толук күчүнө кирди.