Өлкөдө күнүнө дээрлик 15 миңдей жаран ОСАГО полисин алууда

Коом Загрузка... 30 Июнь 2025 17:07
Bez_nazvaniya_tgN3m.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 30.06.25 /Кабар/. Өлкөдө ОСАГО жөнүндөгү мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, 2023-жылдан тарта күчүнө кирген. Атап айтканда ал ар бир айдоочу үчүн милдеттүү болгон. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин айып пул салынып, текшерүү иштери жүргүзүлө элек эле. Эртең, 1-июлдан тарта полис жигердүү көзөмөлгө алынат жана талапты аткарбагандарга 3000 миң сомдун тегерегинде айып пул салынып баштайт.

Мындан улам өлкөдө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) жана анын аймактардагы филиалдары, административдик жана муниципалдык участкалар активдүү түрдө иш алып барууда. Ошондой эле МКУнун Бишкек, Ош шаарларындагы жана Чүй облусундагы филиалдары күнү-түнү кызматта. Андан сырткары МКУдан сырткары жеке менчик 15 камсыздандыруу уюму иштеп жатат.

Жарандардын ыңгайлуулу үчүн онлайн түрүндөгү strahovanie.kg сайты жана Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелери ишке киргизилген.

Төмөндө аймактар боюнча иштеп жаткан филиалдардын саны:

Чүй облусу – 37;

Ош облусу – 73;

Жалал-Абад облусу – 23;

Баткен облусу – 12;

Талас облусу – 19;

Ысык-Көл облусу – 15;

Нарын облусу – 13.

МКУнун маалыматына ылайык, күнүнө республика боюнча ОСАГО полисин алгандардын саны – дээрлик 12 миңден 15 миңге чейин жетүүдө.

Белгилей кетсек, ОСАГО – бул транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Ал жол кырсыктарынан жапа чеккен үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталат.

Камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегинде.

Кырсык болгон учурда төмөндөгүдөй:

- Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин;

- Жаракат алгандарга — 200 000 сомго чейин;

-Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган.

МКУнун берген маалыматы боюнча 2025-жылдын 26-июнуна карата ОСАГО боюнча 120 жаранга жалпы суммасы 10 млн 835 миң 531,98 сом өлчөмүндөгү каражат төлөнүп берилген. Бул көрсөткүч 2024-жылы - 4,40% болсо, быйылкы жылдын 26-июнуна карата - 12,48%ды түзгөн.