ОСАГО: Камсыздандыруу мекемелери ишин күчөттү

Коом Загрузка... 25 Июнь 2025 14:25
Без названия.jpg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 25.06.25 /Кабар/. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү, анын ичинде коңшу Казакстан менен Өзбекстан дагы жыйырма жылдай мурун ОСАГО полисине өткөн. Кыргызстан дагы бул эл аралык стандарттын алкагында 2016-жылы бул полис тууралуу мыйзамды кабыл алып, ал 2023-жылы күчүнө кирген. Бирок, милдеттүү түрдө делгени менен буга чейин айып пул салына элек эле.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта ОСАГО боюнча мыйзам күчүнө кирип, полиси жок жеке жактарга 3 миң сомдун жана юридикалык жактарга 13 миң сомдун тегерегиндеги айып пул салына баштайт. Бир күндүн ичинде өлкө боюнча 7-8 миңдей адам ОСАГО полисинин негизинде өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууда.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун (МКУ) аймактардагы филиалдары жана жер-жерлерде административдик жана муниципалдык кызматтары иш алып барышууда. Ошондой эле уюмдун Бишкек жана Ош шаарындагы филиалдары 24/7 режиминде иштеп баштады. Бүгүнкү түнү борбор калаадагы филиалдан 140 айдоочу ОСАГО полисин алып кеткени маалым болду.

Мындан сырткары 15 жеке менчик камсыздандыруу мекемеси кызматта.

Ошондой эле бул полисти жарандар strahovanie.kg сайтынан жана Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелеринен онлайн түрүндө алышууда.

МКУнун маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Ильич Кулназаров айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздоо маданияты Кыргызстан үчүн жаңы түшүнүк болгондуктан, жарандардын арасында ар кандай суроолордун жаралышы – табигый көрүнүш экендигин белгиледи.

“ОСАГО полиси үчүнчү жактарга жардам берүү менен айдоочулардын түйшүгүн жеңилдетет. Кырсык катталган учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү жана тактоо процесси аяктагандан кийин, төлөм узакка созулбастан жабыркаган тараптын эсебине которулат”, – деди ал.

Камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегиде.

Кырсык болгон учурда төмөндөгүдөй:

- Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин;

- Жаракат алгандарга — 200 000 сомго чейин;

- Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган.

МКУнун берген маалыматы боюнча 2025-жылдын 16-июнуна карата ОСАГО боюнча 113 жаран компенсация алып, анын жалпы суммасы 10 млн 262 миң 913 сомду түзгөн. Ал эми 48 жаранга 4 млн 320 миң 153 сом суммасындагы каражат төлөнүп берилген.

Белгилей кетсек, ОСАГО – бул транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Ал жол кырсыктарынан жапа чеккен үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталат.