Бишкек 23.07.25 /Кабар/. Айрым жарандарда унааны камсыздандырууга байланышкан туура эмес түшүнүк калыптанып калган. Бул тууралу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
“Кээ бир жарандарда унаамды камсыздандырдым, демек, кырсыкка кабылган учурда камсыздандыруу компаниясы дароо келип, чыгымдарды төлөп берет” деген жаңылыш түшүнүк болууда. Мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча, алгач кырсыкка катыштыгы бар эки унаа тең айып короо жайына токтотулат. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, МАИ кызматынын токтому чыккандан кийин гана камсыздандыруу компаниясы тийиштүү акча каражатын төлөп берет”-деди ал.
Байказы Айтикул уулу кошумчалагандай, Укук бузуулар кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, жеңил материалдык кырсыкка күнөөлүү деп табылган жарандын камсыздандыруу полиси бар болсо, жол кырсыгы катталган учурда салына турган 5500 сомдук айып пул жокко чыгарылып же камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнүп берилиши мүмкүн. Бул жерде бардык жагдайлар каралат.