ОСАГО: Бишкектин тургуну Гүлмира Орунтаева 150 миң сом кенемте алды

Коом Загрузка... 07 Октябрь 2025 16:16
WhatsApp_Image_2025_OBNmfwh.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Бишкектин тургуну Гүлмира Орунтаева жол-транспорт кырсыгынан улам келтирилген чыгым үчүн “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК тарабынан 150 миң сом өлчөмүндө кенемте алды.

“Мен унааны быйыл сатып алып, апрелдин аягында ОСАГО полисин алгам. 23-августта жол кырсыгына кабылып калдым. Эксперттер келтирилген зыяндын көлөмү өтө чоң экендигин аныктап чыгышты. Ошол учурда мени сүзүп алган жигитти аяп, “эмне кылат, кантип төлөйт” деп ойлондум. Бирок биз экөөбүз тең камсыздандырылгандыктан, эксперттер чыгымды баалап, суммасын чыгарып беришти. Бүгүн болсо минтип МКУ төлөмдү төлөп берип жатат. Терең ыраазылыгымды билдирем. Мамлекет чын эле элге кам көрүп, чыныгы жардам көрсөтүүдө. Ошондуктан бардык жарандарга үйүңөрдү жана унааңарды сөзсүз камсыздандыргыла дегим келет.

Мен камсыздандырууну “милдеттүү экен” деп эле толтуруп, бирок анчейин ишенген эмесмин. Азыр көптөр ошентип ойлойт болуш керек, бирок чынында мамлекет жарандарды ойлоп, жардамын берет экен”,-деди ал.