ОСАГО: Бишкекте 9 айда 380 жаранга 30 млн сомдон ашуун каражат төлөнүп берилди

Коом Загрузка... 18 Сентябрь 2025 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Бишкекте 9 ай ичинде ОСАГО боюнча 380 жаранга 30 млн сомдон ашуун каражат төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалынын директору Алима Нурланова жарандарга камсыздандыруу сертификаттары тапшырылып жаткан учурда билдирди.

Директордун айтымында, ошондой эле сентябрь айынын эки жумасында эле жабыр тарткан тараптарга 5 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар төлөнүп берилген.

“Бүгүн биз унаа кырсыктарынан жабыр тарткан 15 жаранды чакырып сертификаттарды тапшырдык. Көз карандысыз баалоочулардын жыйынтыгына таянып аларга 1 млн 910 миң сом төлөнүп берилди.

Учурдан пайдаланып жарандарга кайрылып кетким келет. ОСАГО полисин алыңыздар. Биздин филиалдарга келип консультацияга алып кетсеңиздер болот. Бардыгы толугу менен түшүндүрүлүп берилет. Өзүңүздөр көрүп жаткандай бардык чыгымдарды төлөп берип жатабыз. Турак жайларды да камсыздандарыңыздар”, - деди ал.

ОСАГО – бул автотранспорт каражат ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы болуп саналат. Анын өзгөчөлүгү - кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы келтирилген зыяндын ордун үчүнчү жактарга төлөп бергендигинде. “ОСАГО” жөнүндөгү мыйзам 2016-жылы күчүнө киргени менен буга чейин ал милдеттүү эмес болуп келген.

Мыйзам 1-сентябрдан тарта толук күчүнө кирди. ОСАГО полиси жок жүргөн айдоочуларга карата Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан төмөндөгүдөй айып пулдар салына баштады:

  • Жеке жактар үчүн – 3 000 сом,
  • Юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом.