ОСАГО: Ар бир айдоочу билиши керек болгон милдеттүү камсыздандыруу

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 18:24
WhatsApp Image 2025-06-18 at 18.05.00 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Жол кырсыгына туш болуу – бул күтүлбөгөн жана жагымсыз кырдаал. Мындай учурда жарандарга каржы жагынан жеңилдик берүүчү мыйзамдуу курал - ОСАГО полиси жардамга келет. Ал кандай иштейт жана аны алуунун жол-жоболору кандай?

ОСАГО деген эмне?

ОСАГО – бул автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу. Атап айтканда бул учурда жаран унаасын эмес, өзүнүн жоопкерчилигин камсыздайт.

Ал кандай иштейт?

Бул полис автоунаа ээси башка бирөөнүн мүлкүнө же ден соолугуна зыян келтирип алган учурда чыгымды төлөп берет. Башкача айтканда компания күнөөлүү деп табылган жаранга жардамга келет.

ОСАГОну кайдан жана кантип алууга болот?

ОСАГОну алуунун бир нече жолу бар:

Өлкөнүн бардык аймактарындагы административдик жана муниципалдык мекемелерден алууга болот. Ошондой эле ар облуста Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдары кызмат алып барышат.

Андан сырткары, Strahovanie.kg сайтынан же Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелеринен аралыктан алууга болот.

Полис канча убакытка берилет?

Полис бир жылдык мөөнөткө берилет. Кыска мөөнөткө берилүүчү түрү да каралган. Ал чет өлкөлүктөр ж.б. үчүн ыңгайлуу болуп саналат.

ОСАГОнун бир жылдык баасы канча?

Камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегинде.

Эгерде унааны бир нече адам айдаса, полис кандай таризделет?

Бир унааны бир нече адам (ата-бала, жубайлар) айдаган учурда полиске кошумча айдоочулар дагы кошулуп жазылат. Төрт адамга чейин жаздырууга болот. Адам саны андан дагы көп болгон учурда “адам саны чектелбеген” деген пункту тандалат. Бул учурда автоунааны ким айдабасын, полис күчүндө болот. Болгону баасына бир аз сумма кошулушу мүмкүн.

Үчүнчү жактар деген кимдер?

Мисалы, кырсык учурунда жапа чеккен айдоочу, жөө адам, велосипед тепкен жаран ж.б. – булар үчүнчү тараптар.

ОСАГО чыгымдардын кайсы түрлөрүн төлөп берет?

Жол кырсыгына себепкер жаран унаадан сырткары жабыркаган адамдын ден соолугуна да жооп берет:

- башка унаанын оңдоо чыгымын төлөп берет;

- жабыркагандардын дарылануусун жабат;

- өлүм же майыптык болгон учурда компенсация төлөнөт.

Төлөмдөрдүн көлөмү:

300 000 сомго чейин — эгерде жол кырсыгынан адам каза болсо

200 000 сомго чейин — I топтогу майыптыкка кабылганда

150 000 сомго чейин — II топтогу майыптык үчүн

100 000 сомго чейин — III топтогу майыптык үчүн

100 000 сомго чейин — майып болбосо да дарыланууга

150 000 сомго чейин — ар бир жабырлануучунун унаасын оңдоого (бир окуя боюнча жалпысы 450 000 сомдон ашпашы керек)

ОСАГО кайсы чыгымдарды жаппайт?

Кырсыкка себепкер болгон айдоочунун унаасын оңдоо чыгымдарын

Аварияга күнөөлүү адамдын дарылануусун

Айып пулдарды жана соттук чыгымдарды

Унаанын ичиндеги жүктүн бузулуусун же жоголушун.

Кырсык катталган учурда эмне кылыш керек?

Жол-транспорт кырсыгы катталган учурда, камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн байланыш номерлерине чалып, авариялык комиссарларды чакыруу талап кылынат. Алар окуя болгон жерге келип, тиешелүү текшерүү жана документтештирүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, кырсыкка укуктук баа берилет жана камсыздандыруу уюму каралган мөөнөткө ылайык чыгымдарды төлөп берет.

ОСАГО – бул ар бир айдоочунун коом алдындагы жоопкерчилигин көрсөтүүчү жана коргоочу курал. Андыктан, бул полиске жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек.