Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын тышкы фасадына жазуучунун муралы тартылып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине театрдын башкы сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Юлдаш Нурматов билдирди.
Анын айтымында, театрдын сыртындагы дубалга жазуучунун граффити-образы түшүрүлүүдө. Бирок бул чыгарма убактылуу гана турмакчы.
“Учурда фасадга коюлчу жаңы паннонун эскизи даярдалып, театрдын жетекчилиги менен талкууланып жатат. Мурал менен граффити - табияты боюнча убактылуу гана тура турган өнөр экендиги жалпыбызга маалым. Убагы келгенде бул сүрөт панного алмаштырылат. Ал эми буга чейин турган витраждык панно белгилүү себептерден улам алынган”,-деди ал.
Белгилей кетсек, театрда буга чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келген. Ал 6-декабрда капиталдык ремонттон өткөн чоң сахнада 91-театр сезонун ачат.