Орус драма театрында Никита Михалковдун спектаклдери коюлат

Маданият 06 Октябрь 2025 12:27
Gnrtd_fasad_2024_09.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Nikita_Mikhalkov_v_Russkom_teatre_dramy_im.Ch..width-800.jpg
Алдыга
Артка
Gnrtd_fasad_2024_09.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Nikita_Mikhalkov_v_Russkom_teatre_dramy_im.Ch..width-800.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында «Алдыңкы театрлар» долбоорунун алкагында белгилүү режиссёр Никита Михалков койгон «12» спектакли жана Евгений Шварцтын балдар менен чоңдорго арналган «Жоголгон убакыт тууралуу жомок» аттуу чыгармасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу театрдын администрациясы маалымдады.

Никита Михалковдун «Мастерская 12» спектаклинин Бишкектеги «Чоң гастролу» Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин бүткүл россиялык гастролдук-концерттик планына ылайык «Росконцерт» федералдык мамлекеттик бюджеттик маданият мекемеси тарабынан уюштурулган.

Спектаклдердин графиги төмөнкүдөй:

  • «12» – 30 жана 31-октябрь күндөрү, башталышы саат 19:00дө.
  • «Жоголгон убакыт тууралуу жомок» – 1-ноябрда саат 16:00дө, ал эми 2-ноябрда үч жолу: саат 12:00дө, 14:00дө жана 17:00дө көрсөтүлөт.