Орус драма театры “Куурчактар” спектаклин тартуулайт

Маданият Загрузка... 11 Март 2026 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. 13-мартта Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык орус драма театры Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, сахна чебери Дмитрий Балбекиндин юбилейине карата “Куурчактар” спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, бул спектаклде Балбекин башкы ролду ойноп, театр сүйүүчүлөрүнө өзгөчө чыгармачылык белек тартуулайт.

Балбекиндин ысымы көптөгөн жылдардан бери орус театрынын сахнасындагы чынчылдык менен таланттын символу болуп келет. Актёр Свердловск театр институтун бүтүрүүчүсү. Театрдагы чыгармачылык жолу 1997-жылы башталган. Бул арада ал “Салтан падыша жөнүндө жомок”, “Сүйүү жана көгүчкөндөр”, “Мастер жана Маргарита”, “Куурчактар”, “Деңиз жээги менен чуркап бараткан ала ит”, “Күрөк ханыша”, “Мамуля”, “Айтматов” жана башка спектаклдерде роль жаратып келет.