Оруп-жыйноо иштери: Айыл чарба техникалары 94 пайызга даяр

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 15:40
4_DPTi2HJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын оруп-жыйноо өнөктүгүн өз убагында өткөрүү боюнча даярдык иштерин улантууда.

Ведомствонун маалыматына караганда, дыйкан-фермерлер ишти активдүү жүргүзүп жатышат.

Учурда өлкөдө айыл чарба техникаларынын даярдыгы төмөнкүдөй:

  • тракторлор — 22 358, анын 94%ы (21 043ү) даяр;
  • дан жыйноочу комбайндар — 1 836, анын 78%ы (1 434ү) даяр;
  • чөп чапкычтар — 4 298, анын 91%ы (3 934ү) даяр;
  • чөп таңгычтар — 3 985, анын 90%ы (3 596сы) даяр;
  • трактор чиркегичтери — 8 942, анын 91%ы (8 150сү) даяр.
"Быйыл республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин жалпы аянты 486 миң гектардан ашат. Данды өз убагында оруп алууга жалпысынан 1 822 комбайн тартылып, орточо эсеп менен бир комбайнга 267 гектар айдоо аянты туура келмекчи", — деп айтылат маалыматта.