Оруп-жыйноо иштери: Дан эгиндеринин түшүмү былтыркыга караганда жогору

Коом 162 14 Август 2026 13:45
Буудай.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Дан эгиндеринин түшүмү былтыркыга караганда жогору. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1 пайызы — 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп. Кампаларга 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң жыйым былтыркыга караганда 6,9 пайызга өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.

Быйыл буудайдын түшүмү өзгөчө жогору болуп, пландалган аянттардын 80,2 пайызы жыйналды. Буудайдын жалпы дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу 30,8 пайызга өстү. Арпанын да пландалган аянттарынын 59 пайызы жыйналып, орточо түшүмдүүлүгү гектарына 25,1 центнерге жетти. Бул былтыркыга караганда 15,1 пайызга жогору. Жүгөрү жана чанактуу өсүмдүктөрдү жыйноо иштери жаңы башталды.

Аймактарда да оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Чүй облусунда пландалган аянттардын 63 пайызы жыйналса, Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу 20,1 пайыздык өсүш катталды. Жалал-Абад жана Баткен облустарында тиешелүүлүгүнө жараша 56,5 пайыз жана 62,3 пайыз аянт жыйналып бүттү. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу массалык оруп-жыйноо иштери эми күчүнө кирүүдө.

Дан эгиндеринен тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноодо да өсүш байкалууда. Өткөн жылга салыштырмалуу жашылча өндүрүшү 6,1 пайызга, картошка 7,9 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 20,4 пайызга өстү. Учурда алардын пландалган аянттарынын тиешелүүлүгүнө жараша 41,1 пайыз, 20,6 пайыз жана 44,8 пайызы жыйналды. Техникалык өсүмдүктөрдү — пахта, тамеки жана кант кызылчасын жыйноо иштери алгачкы этапта турат.