Орунтаев соцобъекттердин курулушу кантип көзөмөлдөнүп жатканын айтты

Коом Загрузка... 09 Июль 2026 10:35
WhatsApp_Image_2026_kMcKpUx.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Социалдык объектилердин курулушу туруктуу көзөмөлдө турат. Башкы буюртмачы катары курулуш иштерин уюштуруп, подряддык уюмдарды тарткан "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы саналат. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, ар бир объектте техникалык көзөмөл адистери иштеп жатат. Алар күн сайын курулуштун жүрүшүн, аткарылып жаткан иштердин сапатын жана белгиленген бардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.

Мындан сырткары, көзөмөлдөө иштерин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти да ишке ашырууда. Бул мекеменин инспекторлору курулуш аянтчаларына үзгүлтүксүз барып, курулуш ченемдеринин сакталышын текшерип, иштин сапатына көз салышат.

Министр ошондой эле бул процесске курулушту сертификациялоо боюнча уюм да катышып жатканын белгиледи. Ал курулуш материалдарын тандап алып, лабораториялык сыноолордон өткөрөт жана алардын сапатын, бышыктыгын, колдонуудагы стандарттарга шайкештигин текшерет.

"Ушундай жол менен курулуштун бардык этаптары көп деңгээлдүү көзөмөлгө алынган. Текшерүүлөр күн сайын жүргүзүлүп турат, бул ар кандай кемчиликтерди өз убагында аныктап, четтетүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө сапатсыз материалдарды колдонуу же курулуш талаптарын бузуу фактылары катталган жок", - деди Орунтаев.