Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы курулуп жаткан объекттердин көпчүлүгүнүн сапаты курулуш стандарттарына жооп берет. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Министрдин айтымында, бардык объекттерде курулуш бекитилген документтерге жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатат.
"Кандай бетон, арматура жана конструктивдик чечимдер колдонулуп жатканы көрсөтүлгөн. Курулуштун ар бир этабында министрликтин адистери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлөт", - деп белгиледи ал.
Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, подрядчыларга эскертүүлөр берилип, кемчиликтер жоюлмайынча курулуш токтотулат.
Мамлекеттик ипотекалык компания курган Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чөгүп кеткени тууралуу маалыматка комментарий берип жатып, министр бул объекттин сапаты начар экендигин билдирбейт деп баса белгиледи.

"Мында сөз пайдубалга ным өткөрбөй турган коргоо конструкциясынын чөгүп кетиши жөнүндө болуп жатат. Бул стандарттуу эле көрүнүш, ал имараттын бекемдигине жана эксплуатациялык мүнөздөмөсүнө таасирин тийгизбейт", - деп түшүндүрдү Орунтаев.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь-май айларында Кыргызстанда курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 85,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Май айында эле курулуш секторунда 22,8 млрд сомдук иштер аткарылган, бул 2024-жылдын май айына салыштырмалуу 35,4%га көп.

Ошону менен катар негизги капиталга салымдар да бир кыйла жогорулады. Үстүбүздөгү жылдын беш айында алардын көлөмү 89,8 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге өскөн. 2025-жылдын май айында 19,8 млрд сом сарпталды, бул 2024-жылдын май айына салыштырмалуу 34,5%га көп.