Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Өлкө боюнча пайдаланууга берүү үчүн документтери жок 200 көп кабаттуу үй бар болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Ал 2025-жылы ушундай үйлөрдүн ичинен 150сү пайдаланууга берилгенин белгиледи.
"Кээ бир курулуш компанияларынын ээлери качып жүрүшөт. Ташталган же бүтпөй калган объекттер бар. Калган 50 объект боюнча иштер уланууда. Эң негизгиси — үйлөрдүн коопсуздугу. Айрым объектилер ченемдерге жооп бербейт, ошондуктан аларды азырынча пайдаланууга берүүгө болбойт", — деп билдирди министр. Нурдан Орунтаев: Былтыр документи жок 150 көп кабаттуу үй мыйзамдаштырылды