Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айдоочуларды жолдо сабырдуу болууга чакырды. Бул тууралуу ал Ош шаарында жол талашуудан улам улгайган жаранды тилдеген айдоочунун кармалышына байланыштуу билдирди.
Дайырбек Орунбеков акыркы убакта жол талашып чырдашкан окуялар улам кайталанып жатканын белгилеп, мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын эскертти.
"Үстөмдүк кылып, басмырлап, сөгүнүп-сагынгандар милиция тарабынан кармалып, тийиштүү жазаларын алууда. Азыр ар бир адам телефонго тартып алат, көчөдө, жолдо видео байкоолор бар. Ачууга алдырып жибербей, сабырдуулук кылсаңыздар. Мындай аракеттер коомго терс көрүнөт, жыйынтыгы ар кимдин өзүнө эле тийет", — деп жазды ал.
Ошондой эле ал коомчулукта нааразычылык жараткан акыркы окуяга токтолуп, Ошто жол талаштан чыккан чырдан улам улгайган жаранды сөгүп жаткан адамды милиция таап, кармаганын жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн кошумчалады.