Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Акыркы 5 жарым жылда бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү өстү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, 1991-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бюджетке жалпы 452,7 млрд сом бажы төлөмдөрү түшкөн.
Ал эми 2021-жылдан 2026-жылдын жети айына чейинки аралыкта бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 млрд сом түштү.

“Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге киргенден кийин Бажы кызматы 18 млрд сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүн администрациялоону токтоткон. Анткени Россия, Казакстан, Армения жана Беларустан импорттолгон товарларды көзөмөлдөө жана тиешелүү төлөмдөрдү администрациялоо функциясы Салык кызматына өткөн”, - деп жазды Дайырбек Орунбеков.