Ортомчусуз жана арзан гүлдөр: "Бишкек жашыл курулуштун" дүкөнү ачылды

Коом Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 18:08
747038367_1705474820774999_8004169027142159647_n.jpg
748216112_1013695351521546_6438997887480286929_n.jpg
747948743_2150332328862615_5154765177988105900_n.jpg
748623911_4470001883267908_6023999558856159549_n.jpg
746284222_2076090476313168_5401392121594259075_n.jpg
747881777_1521658728884902_1659886207121888653_n.jpg
748287446_1704310160892542_5237085157069234249_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы өзүнүн жеке гүл дүкөнүн ачты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми борбор калаанын тургундары жана коноктору ишкананын адистери өстүргөн гүлдөрдү жана идишке отургузулган декоративдик өсүмдүктөрдү ортомчусуз, түз сатып ала алышат.

748216112_1013695351521546_6438997887480286929_n.jpg

Жаңы дүкөндүн салтанаттуу ачылыш аземи Ташкент көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан ишкананын аймагында өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев жана "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын директору Адилет Абылбеков катышып, кызыл лентаны кесишти.

748623911_4470001883267908_6023999558856159549_n.jpg

Гүл дүкөнүнүн ачылышы ишкананын өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул кадам шаардыктарга сапаттуу гүлдөрдү түз эле өндүрүүчүдөн арзан жана ишенимдүү баада алууга шарт түзөт. Дүкөндө сунушталган бардык продукциялар "Бишкек жашыл курулуштун" жеке күнөсканаларында жогорку стандарттарды сактоо менен өстүрүлгөн.

747948743_2150332328862615_5154765177988105900_n.jpg

Ишкана борбор калаанын тургундарын жана конокторун Ташкент көчөсү, 17 дарегиндеги жаңы гүл дүкөнүнө чакырат. Бул жерден адистердин мээрими менен өстүрүлгөн бөлмө гүлдөрүнүн жана декоративдик өсүмдүктөрдүн кеңири түрүн таба аласыз.

747881777_1521658728884902_1659886207121888653_n.jpg