Орточо айлык дээрлик 54 миң сом: Кайсы тармакта өсүш эң жогору?

Экономика 161 14 Август 2026 16:00
1050869586_0_0_3068_H6ivmdN.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014-1-696x423.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-июнунда республикада кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы 53 миң 759 сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 27,5 пайызга өскөн.

Айлык акынын эң жогорку өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында – 49,2 пайыз, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөөдө – 43,7 пайыз, билим берүү тармагында – 42 пайыз болгон.

Ошондой эле айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоочулукта айлык акы 36,1 пайызга, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте 33,1 пайызга жогорулаган.