Бишкек, 04.09.25 /Кабар/. Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз тор салгандар кармалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Белгиленгендей, анда Кытайдын үч жараны синтетикалык балык уулоочу торду колдонуу менен мыйзамсыз балык кармап жаткан жеринен кармалган. Кармалгандар Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди жана тиешелүү мыйзам чегинде чара көрүлүп жатат.
"Бул рейд Жалал-Абад облусундагы суу сактагычтарда мыйзамсыз балык уулоону алдын алуу жана жергиликтүү экологияны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Мекеме мындай рейддерди системалуу түрдө улантууну пландап жатат",-деп айтылат маалыматта.