Орто-Токой ГЭСинин курулушу жарым-жартылай аяктады

Экономика 27 май 2025 18:00
501591501_18065040977476120_8886956213362409062_n.jpg
500772669_18065041010476120_61312340846563592_n.jpg
501355915_18065041013476120_3463307194588384366_n.jpg
500847563_18065041016476120_2402407623521975789_n.jpg
500816485_18065041025476120_2142088620487403524_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Орто-Токой ГЭСинин курулушу жарым-жартылай аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, курулуш иштери 24 ай ичинде толук аякташы пландалууда. Долбоорду "Чакан ГЭС" ишканасы Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Учурда курулуш объектилерине бара турган жолдор салынды, куруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, электр энергиясы менен камсыздоо объектилери курулду. Узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык туннелдин 727 метри казылды. Ошондой эле башка бир катар иштер графикке ылайык жүрүп жатат.

Эске салсак, 2024-жылдын 29-июнунда Орто-Токой ГЭСинин курулушуна капсула салынган. Станциянын кубаттуулугу - 21 МВт. ГЭС ишке берилсе Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат.