Орто-Токой ГЭСинин курулушу уланууда - сүрөт

Экономика Загрузка... 17 Октябрь 2025 17:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова Орто-Токой ГЭСинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Аны энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча иш алып барган тийиштүү адистер коштоп жүрүштү.

"Чакан ГЭС" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев курулуш иштери тууралуу кеңири маалымат берип, долбоор бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди. 

Ошондой эле курулуштун сапатына, коопсуздук чараларына жана ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айттып өттү.

Назгүл Усенова салттуу жана жаңылануучу энергетиканы бирдей өнүктүрүү өлкөнүн негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, заманбап технологияларды колдонуу жана табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу – энергетика тармагындагы мамлекеттик саясаттын башкы багыты экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал ГЭСтин курулуш иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүү керек экендигин тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин (ГЭС) курулушу компаниянын приоритеттүү долбоорлорунун бири болуп саналат жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ. Бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп, "Чакан ГЭС" ААК жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт.

Мындан тышкары, алар "Чакан ГЭС" ААКтын аймагындагы электр кубаттоочу станцияга, ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде жайгашкан калкып туруучу күн электр станциясына, Быстровска ГЭСинин аймагындагы электр кубаттоочу станцияга барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.