Орто-Токой ГЭСинин курулушу: 950 метрлик туннель казылып бүттү — Кабар

Орто-Токой ГЭСинин курулушу: 950 метрлик туннель казылып бүттү

Аймак 26 май 2026 11:35
1.jpg
704005570_976950394929936_1849201649191966029_n.jpg
706337364_976950431596599_1114796842793861911_n.jpg
706464416_976950488263260_7409165956721889933_n.jpg
706727221_976950451596597_2140305034612580579_n.jpg
707022934_976950361596606_7777595116457039997_n.jpg
707581247_976950301596612_4519177686377862972_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Орто-Токой ГЭСинин курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ГЭСтин курулуш аянтчасында негизги этаптар аяктап калды. Алсак, долбоор боюнча узундугу 950 метрди түзгөн туннель толугу менен казылып бүтүп, ички металл каптамаларын орнотуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле суу кабыл алуучу шахтанын үстүндөгү имараттын курулушу аяктады.

Мындан сырткары, ГЭС имаратында №2 гидроагрегаттын роторун борборлоштуруу жана трансформаторлорду орнотуу иштери аткарылды. Ошону менен катар, иштелип чыккан электр энергиясын өлкөнүн энергосистемасына чыгарууну камсыз кылуучу 110 кВ аба электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн монтаждоо кызуу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Орто-Токой ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу 21 МВтты түзөт. Иш-чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү алкагында аткарылууда.