Орозо - мусулмандардын руханий жактан тазаланып, сабырды жана боорукерликти бекемдеген ыйык ай. Бул мезгилде адамдар таңдан кечке чейин ооз бекитип гана тим болбостон, жаман адаттардан алыс болуп, сооп иштерди көбүрөөк жасап калууга умтулушат. Быйыл ыйык Орозо айы күн менен түндүн теңдешкен мезгилине туура келип, 19-февралда башталуу алдында турат. Ал эми айрым өлкөлөрдө бир күнгө эрте же кеч башталышы мүмкүн.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, орозо 29-30 күнгө созулуп, 19- 20-мартта аякташы мүмкүн. Буга байланыштуу Орозо айт 20- 21-мартка туура келет. Ал орозонун аяк жагында такталат.
Орозонун быйылкы календары түзүлүп, өлкөнүн аймактарындагы ооз бекитүү жана ооз ачуу убакыттары көрсөтүлдү. 18-февралда таравих намазы окулуп, 19-февралда ооз бекитилет.

Дин башкармалыгынын Даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу “Кабар” агенттигине бул ыйык айдын маани-маңызы, ден соолукка пайдасы жана адеп-ахлактык мааниси тууралуу айтып берди. Анын айтымында, орозо учурунда мусулмандар кайрымдуулук иштерин көбүрөөк жасап, жакшылыкты таратууга умтулушу керек.
“Жалпыга маалым болгондой, балакатка жеткен, акыл-эси жайында, ден соолугу жакшы, сапарда эмес мусулман адам үчүн орозо парз болуп эсептелет.
Орозонун көптөгөн пайдасы бар. Мисалы, азыр медицинада ачка болуу ыкмалары ден соолукту чыңдоо үчүн колдонулат. Андан сырткары, орозо адамды тартипке үйрөтөт. Белгилүү бир убакта ооз бекитип, кайра белгилүү убакта ачуу бир айда адат болот.
Андан сырткары, бир гана тамак-аштан эмес, пайгамбарыбыз көрсөткөндөй, руханий жактан тазаланып, жаман сөз айтуудан, сөгүнүүдөн, акаарат келтирүүдөн, ушак-айың айтуудан, кимдир-бирөөлөрдү сөз кылуудан тыйылып жатабыз. Бул бир гана айга созулган тарбиялык мектеп болсо дагы, бир жылга чейин жете турган руханий азык (кавыз).

“Бир адам орозо кармап, бирок ал башкаларды сөгүп, жаман сөз айтып турса анын орозосунан эмне калды” деп пайгамбарыбыз айткан. Башкача айтканда, орозо маңызын жоготуп жатат деген. Ошондуктан, анын тарбиялык, адеп-ахлактык мааниси да өтө чоң. Андыктан, биз аны тамак-ашты тыюу менен гана эмес, тарбиялык маанисин да эске алуу менен кармашыбыз керек.
Быйылкы жылы түн узун, күн кыска болгондуктан, орозо салыштырмалуу жеңил. Бул айда Куран окуу, көп зикир кылуу, кайрымдуулук, ооз ачтыруу, муктаждарга жардам берүү жана зекет берүү менен алектенүү сунушталат. Анткени орозо учурунда алардын сообу көбүрөөк болот. Мүмкүнчүлүгү бар адамдар бул мүмкүндүктү пайдаланып калганы оң”,-деп белгиледи ал.

Орозонун негизги эрежелери:
- Шилекей жутуу орозону бузбайт.
- Тиш тазалоого, оозду чайкоого болот - сууну же тиш пастасын жутуп албоо маанилүү.
- Тиш доктурга барууга уруксат, дары же суу жутулбаса.
- Унутуп жеп-ичип алса - орозо бузулбайт, эстегенде дароо токтотуу керек.
- Тамеки тартуу орозону бузат.
- Ооруган адам айыккандан кийин каза орозосун кармайт.
- Жол жүргөн кишиге ооз ачууга уруксат. Кийин казасын кармайт.
- Катуу ооругандар, карып күчү жетпегендер - битир-садага беришет.
- Айыз жана нифас учурунда орозо кармалбайт, кийин казасы кармалат.
- Сууга түшүүгө болот, бирок ооз-мурунга суу кирбеши керек.
- Кокусунан кусуу орозону бузбайт.
- Дарылоо ниетинде ийне алууга болот.
- Кан анализи орозону бузбайт.
- Күндүз дары ичсе - орозо бузулат.
- Ооз ачыруу - орозо кармаганга да, кармабаганга да чоң сооп.
- Каза орозолор кийинки Рамазанга чейин толукталат.
- Дүйшөмбү, бейшемби, айттан кийинки 6 күн, арапа жана ашура күндөрү нафил орозо кармоо сүннөт.

Орозо учурунда туура тамактануу жана ден соолукту сактоо
Нутрициолог Наргиза Белекованын айтымында, каршы көрсөткүчтөр жок болсо, орозо организмге чоң пайдасын алып келет.
- Орозо организмге пайдалуу, өзгөчө метаболикалык синдром менен жабыркагандар үчүн (инсулинге резистенттүүлүк, кант диабети алдындагы абал, боорду май басуу, кан басымдын жогорулашы) пайдасы көбүрөөк.
- Белок (эт, балык, жумуртка), пайдалуу майлар (быштак, жаңгак, сары май), клетчатканы (жашылча-жемиштер, буурчак дандар) колдонуп, рационду тууралоо маанилүү.
- Таттууларды, газдалган суусундуктарды жана тез татымдарды чектөө керек.
- Ооз ачууну суу жана 1-2 курма менен баштоо, 15-20 мүнөттөн кийин жеңил шорпо жана негизги тамакты ичкен туура. Ашыкча тамактануунун зыяны бар.
- Суу ичүү режимин сактап, күнүнө 1,5-2 литр суу ичүү.
- Уйку режимине көңүл буруу – туура жана толук кандуу уйку ден соолукту жана энергияны сактоодо маанилүү.
- Өнөкөт оорулары бар адамдар алдын ала дарыгер менен кеңешип анан орозо кармаганы туура.