Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. Казак күрөшү боюнча жарым финалда килемге чыккан Алмаз уулу Орозбек өзбек балбанын жеңди. Эми кыргызстандык спортчу финалда алтын медаль үчүн күрөшөт.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде казак күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча 31 өлкө катышып жатат. Жалпысынан 60 спортчу күч сынашып жаткан кези.