Орозбаев: Социалдык маанилүү товарлардын баасы Борбор Азияда дээрлик бирдей

Экономика 14 октябрь 2025 13:50
Орозбаев: Социалдык маанилүү товарлардын баасы Борбор Азияда дээрлик бирдей

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Социалдык мааниге ээ болгон негизги товарлардын баасы Борбор Азия өлкөлөрүндө дээрлик бирдей. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, айрым гана товарларда айырмачылык болуп калышы мүмкүн. Бирок, жалпысынан алганда баалар бирдей.

“Ал эми Россияда баалар биздикине караганда арзан. Мисалы, суу май, кумшекер бизге караганда бир топ эле арзан”,-деди ал.