Орловканын шаар макамын алгандыгынын 13 жылдыгы белгиленди

Коом Загрузка... 29 Сентябрь 2025 14:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарында шаар статусун алгандыгынын 13 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, майрамдык салтанатка Орловка шаарынын мэри Аман Койшыбаев, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асел Жуманалиева, администрациянын аппарат жетекчиси Айгүл Курманалиева, Орловка шаардык кеңешинин төрагасы Мурат Токтакунов, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору катышты.

Майрамдык программада Динара Акулова, Каныкей Алымбекова, Камир менен Тариэл жана башка эл артисттери катышкан концерт болду.

Концерттен кийин футбол, волейбол жана көк бөрү боюнча спорттук мелдештер уюштурулду.

Белгилей кетсек, Орловка шаары 2012-жылы шаар макамын алган. 2023-жылдагы расмий маалыматтарга ылайык, бул шаарда 7269 адам жашайт.