Орловкада эски жылуулук борборунун ордуна газоблок заводун куруу пландалууда

Экономика Загрузка... 14 Октябрь 2025 13:55
------2025-01-17T10.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon www

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Орловка шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылуучу «Орловка шаарындагы эски жылуулук борборун газобетон блокторун чыгарган заводго реконструкциялоо» долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо үчүн конкурс жарыялады.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, долбоордун алкагында мурдагы жылуулук электр станциясынын ордуна заманбап курулуш материалдарын, атап айтканда газобетон блокторун чыгаруучу өндүрүштүк комплекс куруу пландалууда.

Долбоордун негизги параметрлери:

  • Объекттин жалпы аянты: 25 000 чарчы метр;
  • Жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу: 90 000 куб метр газобетон блогу.

Долбоордун максаты - суроо-талапка ээ болгон курулуш материалдарын чыгарган жана аймактын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон заманбап ишкана түзүү.

МЖӨ борбору мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми муниципалдык бийлик менен жеке сектордун ортосунда тобокелдиктерди оптималдуу бөлүштүрүүгө, социалдык-экономикалык максаттарга жетишүүгө, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгилейт.

Квалификацияларга суроо МЖӨ борборунун www.ppp.gov.kg сайтында жеткиликтүү.

Тандоого катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 13-ноябрына чейин, саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке кабыл алынат: Орловка, Кудряшов көчөсү 16 (мэрия имараты), же курьердик кызмат аркылуу почта менен жөнөтсө болот.

Маалымат үчүн байланыш телефондору:

Орловка шаарынын мэриясы — тел.: +996 709 593 789;

Кыргыз Республикасынын МЖӨ борбору — тел.: 30 01 76.