Орловка – Чым-Коргон жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү

Аймак Загрузка... 01 Декабрь 2025 17:25
Screenshot_12.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Кемин районундагы Орловка – Чым-Коргон жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жол "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси тарабынан каржыланып, колдонууга берилди.

Жол куруу иштери №34 Жол тейлөө ишканасы тарабынан белгиленген убакытта бардык техникалык талаптарды жана нормативдик стандарттарды сактоо менен бүткɵрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган жол участогу 2024-жылдагы Элдик курултайда кɵтɵрүлүп, коюлган маселе министрлик тарабынан толук аткарылды.