Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Мурдагы Миң-Куш "Оргтехника" заводу - азыркы "Оргтехника" ААКтын балансында турган кыймылсыз мүлк жана товардык-материалдык баалуулуктар мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында аянты 4,3 га болгон инструменттер цехи, 20га жакын станок (металл кесүүчү, токардык , фрезердик, жаргылчак ж.б.) бар жана аспаптар, аянты 4,44 га болгон заводдун аянты, Мин-Куш айылынын 16-аянтында жайгашкан, аянты 0,19 га болгон мурдагы май куюучу жайдын аймагы, аянты 0,0346 га болгон мурдагы 7-цехтин аймагы, аянты 0,01 га болгон 35 м2 жакын банкет залы, 30 м2 4 гараж жана китепкана. Кайра кайтарылган кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты 11 гектарды түзөт.
Миң-Куш "Оргтехника" заводу 1970-1971-жылдары Нарын облусунун аймагындагы биринчи ири өнөр жай ишканасы катары түзүлгөн жана эл керектөөчү товарларды: ручка, түстүү фломастерлерди жана башкаларды чыгаруу боюнча бюджетти түзүүчү ири ишкана болгон.
Мамлекеттик "Оргтехника" заводу 1994-жылы Эл аралык өнүктүрүү уюмунун программасына (мамлекеттик ишканалардын секторун реформалоо, түзүмүн өзгөртүү жана менчиктештирүү программасы, банкрот жолу аркылуу төлөөгө жөндөмсүз ишканаларды кайра уюштуруу жана жоюу аркылуу) киргизүү аркылуу 1995-жылы ачык акционердик коом (ААК) болуп кайра түзүлгөн.
“Оргтехника" ААКтын жер тилкелери жана кыймылсыз мүлктөрү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын балансына тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык өткөрүлүп берилди.
Калган аймактарды, анын ичинде азыр талкаланган "Дружба" балдар лагеринин аймактарын жана "Оргтехника" ААКтын башка мүлктөрүн кайтарып алуу боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө