Органикалык өндүрүш: Таласта жаңы агрокомплекс ачылат

Коом 6 октябрь 2026 15:10
Органикалык өндүрүш: Таласта жаңы агрокомплекс ачылат

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Жыл башында органикалык өндүрүшкө тартылган жерлердин аянты 61,5 миң гектарды түзгөн болсо, 2029-жылга чейин бул көрсөткүчтү 200 миң гектарга жеткирүү максат кылынууда. Бул тууралуу Айыл чарюа министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл бул багытта бир катар маанилүү кадамдар жасалды. Атап айтканда, президенттин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен сентябрь айынын акыркы жумасынын жума күнү Улуттук органикалык айыл чарба күнү катары белгиленди. Мындан тышкары, 2025–2029-жылдарга органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасы кабыл алынып, Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда органикалык азыктарды тоскоолдуксуз жүгүртүүгө багытталган бирдиктүү стандарт кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукциялар 30дан ашык өлкөгө экспорттолот. Органикалык өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүү механизмдеринин бири катары катышуучулук кепилдик системасы (PGS) колдонулууда, ал чакан фермерлерге чыгымдарды азайтып, жамааттык түрдө органикалык өндүрүшкө өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле бүгүн, 6-октябрда Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында 300 гектар аянтта жайгашкан "Талас Органик" агрокомплексинин ачылышы күтүлүүдө. Бул долбоор эл аралык органикалык сертификатка ээ болгон облустагы алгачкы ири өндүрүштөрдүн бири болуп саналат.