Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Ош шаарындагы С.Жигитов жана М.Ломоносов атындагы мектептердин имараттарын бузуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда атайын техникалар тартылып, тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө коопсуздук талаптары так сакталган шартта демонтаж иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Эски мектептер кооптуу абалга келгендиктен, аларды бузуп, ордуна заманбап жаңы имараттарды куруу чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарында жалпы 10 жаңы мектептин курулушу пландалган. Анын ичинде С. Жигитов жана М. Ломоносов атындагы мектептер толугу менен жаңыланып, бардык шарттары каралып, заманбап билим берүү мекемеси курулат.