Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында масштабдуу техникалык жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында театрдагы жаңы техникалар жана жаңы Steinway роялы менен таанышуу учурунда билдирди.
Министрдин айтымында, театрга жакында эле заманбап сахналык жана үн жабдуулары орнотулуп баштады. Учурда жайкы тыныгуу маалында эски техникалар демонтаждалып, алардын ордуна жаңы жабдуулар коюлууда.
“Азырынча көрүүчүлөр жаңы өзгөрүүлөрдү толук көрө элек. Себеби каникул учурунда эски жабдуулар алынып, жаңылары орнотулуп жатат. Сахнага жаңы ак түстөгү үн жабдуулары коюлду. Жаңы театралдык сезон сентябрь айында ачылганда көрүүчүлөр бул өзгөрүүлөрдүн баарына күбө болушат.
Ошондой эле театрда француз, италия жана испан тилдеринде спектаклдердин мазмунун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап субтитр системасы орнотулду”,-деди министр.
Мирбек Мамбеталиевдин маалыматына ылайык, театрды техникалык жактан жаңылоого 50 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Анын айтымында, театрдын техникалык муктаждыгы жогору болгондуктан, каржылоонун көлөмү да ошого жараша көбөйтүлгөн.