Онлайн жана коопсуз: Курулуш лицензиясын ортомчусуз алыңыз

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 10:35
555418774_356657638.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 04.07.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды жана ишкерлерди курулуш лицензиясын ортомчуларсыз алууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы учурда социалдык тармактарда лицензияны тез алып берүү же даяр лицензияны сатуу тууралуу жарнамалар көбөйгөн.

"Өлкө мыйзамдарына ылайык, лицензия башка жакка өткөрүлүп берилбейт жана аны алган субъектке гана таандык. Мыйзамсыз жол менен алынган документтер аныкталса, алар жокко чыгарылат. Мындан тышкары, даяр лицензияны сатып алуу менен анын мурунку ээсинин карыздарын, салыктык милдеттенмелерин жана соттук талаштарын кошо моюнга алуу коркунучу бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө курулуш лицензиясын алуу процесси толугу менен санариптештирилген. Субъекттер ортомчуларсыз эле license.minstroy.gov.kg электрондук платформасы аркылуу кайрылып, документти кыска мөөнөттө мыйзамдуу ала алышат.

Кошумча маалымат үчүн: (0312) 31-29-77.