Онлайн кызматтардын популярдуулугу артууда - Нурлан Айдиев

Коом Загрузка... 20 Август 2025 13:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. Онлайн кызматтардын популярдуулугу артууда. Бүгүнкү күндө жарандарды жашаган жери боюнча онлайн каттоонун саны – жүз миңге жетип калды. Ал эми паспорт алгандардын саны - миңден ашты. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Нурлан Айдиев билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-20 at 10.19.45 (2).jpeg

Нурлан Айдиевдин айтымында, «Кызмат» ММ мамлекеттик санариптештирүү аймагындагы лидерлердин бири болуп саналат.

WhatsApp Image 2025-08-20 at 10.19.44 (2).jpeg

“Бардык мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдарын, бизнес процесстерин автоматташтыруу маселелерин дагы иштеп чыгуу биздин милдетибиз. Мындан сырткары, калкты тейлөө борборлору, паспорт, ЗАГС, туулгандыгы тууралуу күбөлүк ж.б. документтештирүү маселелери бизге карайт. Ошондой эле биз Борбордук шайлоо комиссиясы, Ички иштер министрлиги, президенттин администрациясы менен тыгыз кызматташуудабыз. Долбоорлордун арасында мисалы, онлайн паспортту алсак, аны экинчи жолу алып жаткан учурда КТБга барып отурбастан үйдөн алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Муну менен бирге эле никеге туруу, жарандарды жашаган жери боюнча каттоо кызматтарын дагы санариптештирдик. Мисал үчүн, кимдир бирөөнү үйгө каттоо керек болсо КТБга баруунун кажети жок. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу каттатып коюуга болот. Ошондой эле каттоодон чыгаруу функциясы бар. Бул иштердин максаты – жарандарга ыңгайлуулук түзүү, алардын ишин жеңилдетүү болуп саналат”,- деди ал.