Онлайн идентификация шайлоочунун добуш берүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүк түзөт

Шайлоо Загрузка... 02 Октябрь 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Онлайн идентификация шайлоочунун добуш берүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин мүчөсү Ялкун Даутов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул ыкма шайлоочу добуш берүү күнү башка облуска барып калса да, шайлоо укугуна ээ болуусун камсыздайт.

“Президент кайрылуусунда белгилеп кетти, ар бир жаран татыктуу тандоо жасаш керек. Буга чейинки шайлоолордун айынан элдик толкундоолор болгону белгилүү. Анда шайлоо ыпластыгы, добуштарды сатып алуу, форма2 жана башка бир нече туура эмес көрүнүштөр орун алган. Президент саясий өнөктүктү өзү көзөмөлдөй турганын, шайлоону мыйзам чегинде таза өткөрүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле айта кетсек, шайлоочулардын тизмесине кирген жарандардын канча пайызы добуш берди деген суроо жаралып келчү. Азыр мына жаңы ыкмалар киргизилип жатат. Мисалы, шайлоочу Лейлекте катталса, кандайдыр бир себептерден улам Бишкекте болуп калса, ошол жерден добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону шайлоочулар добуш сатпай, татыктуу талапкерге добуш бериши керек. Ошол эле маалда мугалим, дарыгер деги эле мамлекеттик кызматкерлер талапкерлерди үгүттөөгө катышпашы кажет. Муну президент эскертти. Шайлоо боюнча мыйзамдар өзгөртүлдү, коррупция боюнча беренелер катаалдаштырылды, буларды эске алганда парламенттик шайлоо таза өтүшү керек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат. 30 округдан 90 депутат парламентке шайланып келет. Ар бир округдан үчтөн эл өкүлү болот.