Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте экенине ынандым. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө шайлоодон кийин чет өлкөлөрдөн келген эл аралык байкоочулар менен жолугушканда добуш берүүнү онлайн форматта, үйдө олтуруп эле интернет аркылуу добуш беруу жагын ишке ашырууга аракет кылынарын айтканын эске салды.
Бирок Садыр Жапаров добуш сатып алуу боюнча маалыматтарды көрүп, таң калганын, онлайн добуш берүү али эрте экенин белгиледи.
“Байкап көрсөм, мындай жакшы ниеттеги аракетибиз өз максатына жетпей, тескерисинче, добуш сатып алууга жем болуп калчудай экен. Себеби, өзүнө ишенбеген, ниети бузук талапкерлердин жана алардын үгүтчүлөрүнүн үймө-үй кыдырып, добуш сатып алышына жеңил шарттар түзүлүп калчудай. Мен эл аралык байкоочуларды шайлоонун эртеси эртең менен эле кабыл алган элем да. Ошондуктан, видео- материалдарды көрүүгө убактым жете элек эле. Кечинде үйгө келгенимде, мага келген маалыматтарды карап олтуруп, добушун сатып аткандар менен сатып алып жаткандарды көрүп, төбө чачым тик турду. Мына ушундан улам, бизге интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте экенине ынандым. Качан гана талапкерлерибиз, саясатчыларыбыз, ошондой эле добушун саткан жарандарыбыздын көзү ачылып, оңолгондо гана андай ыкманы киргизсек болчудай. Ал эми азыркы Шайлоо кодексиндеги кемчиликтерге тиешелүү түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш алып бара берели”, - деп кошумчалады өлкө башчысы.