One Million Coders: Кыргызстандыктар программалоонун негиздерин бекер үйрөнө алышат

Экономика Загрузка... 28 Октябрь 2025 15:20
1508411165661.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстанда заманбап IT-көндүмдөрүн үйрөтүүгө жана санариптик адистердин жаңы муунун калыптандырууга багытталган кыргыз-эмираттык One Million Coders программасынын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу КР Жогорку технологиялар паркынан билдиришти.

One Million Coders программасы — Бириккен Араб Эмираттарынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан эл аралык билим берүү демилгеси. Анын максаты – бир миллион адамга программалоонун негиздерин, санариптик сабаттуулукту жана инновациялык ой жүгүртүүнү үйрөтүү.

Эми бул мүмкүнчүлүк кыргызстандыктар үчүн да жеткиликтүү болду – окутуу Udacity (АКШ) онлайн-платформасында өтөт, анда катышуучулар өздөрүнө ыңгайлуу убакта окуп, эл аралык үлгүдөгү сертификаттарды ала алышат.

Программа кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?

  • заманбап IT-көндүмдөргө акысыз окутуу – веб-сайттарды түзүүдөн жасалма интеллектке чейин;
  • окууга өтүүдө жана жумушка орношууда жардам бере турган эл аралык деңгээлдеги сертификат;
  • Американын алдыңкы Udacity платформасынын курстарына жеткиликтүүлүк;
  • Жашаган жерине же социалдык абалына карабастан технологиялар тармагында карьера баштоо мүмкүнчүлүгү.

Такталгандай, One Million Coders Кыргызстандын жаштарына технологиялар дүйнөсүн ачууга, глобалдык санариптик коомчулуктун бир бөлүгү болууга жана өлкөнүн санариптик экономикасын өнүктүрүүгө салым кошууга, ар бир адамга IT тармагындагы жолун акысыз жана тоскоолдуксуз баштоого мүмкүнчүлүк берет.

Кененирээк маалымат алуу жана арыз берүү үчүн КР Жогорку технологиялар паркынын инстаграм баракчасына кайрылса болот, ал жерде платформага шилтеме жана каттоо боюнча нускама жарыяланган.

Толук маалыматтар – @htp.kg баракчасында.